"Кара-Суу темир жолдо" санитардык жана карантиндик пункт ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековМед айым оорулууну карап жатат. Архив
Мед айым оорулууну карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы медициналык санитардык-карантиндик пункттун ачылышы Кыргызстан менен Өзбекстандын соода байланышын чыңдап, ишкерлерге көмөк болору баса белгиленди.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ош облусундагы "Кара-Суу темир жол" өткөрүү жайында санитардык-карантиндик пунктунун ачылышы коңшу өлкөлөр менен болгон соода байланышын жакшырта турганын вице-премьер Валерий Диль билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБге киришинен улам, медициналык санитардык-карантиндик пункттарынын ишине арналган жыйында Диль кыргыз-өзбек чек арасында товарлардын санитардык абалына көзөмөл жүргүзүүчү жаңы пункт ачыла турганын белгиледи. 

"Жаңы пунктту ачуу чечими темир жол байланышынын ачылышынан улам кабыл алынууда", — деди атка минер. 

Муну менен бирге жыйында "Каракол" жана "Баткен" аэропортторундагы медициналык санитардык-карантиндик пункттар жоюла турганын маалымдады. 

"Эки пункттун жоюлушу аталган аэропорттордун Эл аралык жарандык авиация уюмунда катталбагандыктан, аларда санитардык пункттардын ачылышы каралган эмес", — деди Диль. 

Ал эми жаңыдан ачыла турган санитардык-карантиндик пункт Кыргызстан менен Өзбекстандын соода байланышын чыңдап, ишкерлерге көмөк болору баса белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0