Өтө жакыр кыргызстандык күнүнө 48 сомго эле жашайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДордой базарындагы жумушчу. Архив
Дордой базарындагы жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жакыр адамдын күнүмдүк кирешеси 82 сомдон ашпайт.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Республикада өтө жакыр жаран болгону күнүнө 48 сом таба турганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Тыйын жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2016-жылга карата минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү бекитилди
Маалыматка ылайык, мындай итке минген адамдардын саны Кыргызстанда 72 миң адамга жетет.

Ал эми жакыр адамдын күнүмдүк кирешеси 82 сомдун айланасында. Мамлекетте 1,8 миллион жакыр адам жашайт. Алардын теңинен көбү айыл жеринде.

Бир жылдын ичинде Кыргызстанда жакырлардын саны элет аймагында тогуз пайызга, ал эми шаар жеринде эки пайызга төмөндөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0