Токтогулда электр кубатын эсептен мыйзамсыз чыгаргандарга кылмыш иши козголду

Жазылуу
Текшерүү учурунда соргучтарды иштетүү үчүн 1 киловатт саттын баасы 9 тыйынга дал келери такталган, ал эми эсептен чыгарылган электр энергиясынын 1 киловатт сааты 70 тыйындан берилиш керек болчу. Мындан улам, мамлекетке 20 миллион сом зыян келтирилген.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Токтогул райондук электр тармагынын жооптуу кызматкерлери тарабынан электр энергияны мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактысы аныкталып, бул боюнча кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Жети-Өгүз РЭС жасалма документ менен мамлекетке 2 млн. сом зыян келтирген
Маалыматка ылайык, 2013-2015 жылдар аралыгында аталган кызматкерлер Жаңы-Жол, Үч-Терек, Торкент, Кетмен-Төбө жана Терек-Суу айыл аймактарында кыш мезгилинде сугат суу үчүн соргучтарга жумшалган электр энергиясынын көлөмү боюнча жалган актыларды түзүшкөн. Мунун натыйжасында, саатына 28 миллион 657,1 миң киловатт электр энергиясы негизсиз эсептен чыгарылган.

Текшерүү учурунда соргучтарды иштетүү үчүн 1 киловатт саттын баасы 9 тыйынга дал келери такталган, ал эми эсептен чыгарылган электр энергиясынын 1 киловатт сааты 70 тыйындан берилиш керек болчу. Мындан улам мамлекетке 20 миллион сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, азыркы маалда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0