Футбол күйөрмандарынын стадионго киришин видеокамера көзөмөлдөйт

Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстан командаларынын беттешин көрүүгө келген күйөрмандар оюн башталардан эки саат мурун киргизиле баштайт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстан — Таджикистан беттешин көрүүгө келген күйөрмандарды стадионго коюлган атайын видеокамералар көзөмөлгө ала турганын КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын футбол курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мүмкүнчүлүктөр жогору: спорт журналисттери Кыргызстан — Тажикстан матчы жөнүндө
Оюн кечки саат 8.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Күйөрмандар оюн башталарга эки саат калганда билеттерин текшерирти кире баштайт.

Видеокамерадан сырткары, стадионго эки миңдей жаңы отургучтар коюлган. Ошондой эле билети жоктордун дубалдан аттап кирбеши үчүн атайы тосмолор орнотулган. Коноктор отура турган жердин үстү жабылып, маанилүү кишилердин орду да чоңойтулган.

Федерациядан билдиришкендей, аянттын газонуна да аябай маани берилип, анын абалы жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0