Беттеш учурунда стадионго эмнелерди алып кирүүгө болбойт?

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол оюнундагы күйөрмандар. Архив
Футбол оюнундагы күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ФИФА Кыргызстандын Футбол федерациясына июнь айында Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Австралиянын мелдеши учурундагы тартип бузууларга байланыштуу 28 миң доллар айып салган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. КР Футбол федерациясы Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын бүгүнкү беттеши учурунда стадиондо эмнелерди кылууга болбой турганын белгиледи.

Оюнчулар беттешүү алдында машыгып жатышат. - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан — Тажикстан беттешүүсүн түз алып көрсөтөт
Бүгүн кечки саат 8.00дө Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары 2018-жылы болуучу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раундунун алкагында беттешет. Оюн башталарга эки саат калганда күйөрмандар стадионго билет менен киргизиле баштайт. 14 жашка чейинки балдар оюнду чоңдордун коштоосунда гана кирип көрө алышат.

КР Футбол федерациясынан билдиришкендей, оюн учурунда эреже бардык күйөрмандарга бирдей экенин билдирди. Стадионго киргенде жана ага жакын жерлерде коомдук тартипти сактап, башкаларга асылбай өзүн жакшы алып жүрүү керек. Ошондой эле тазалыкты да сактоо зарыл.

Күйөрмандардын кылуусуна төмөнкүлөр тыюу салынат:

 

  • диний, расалык, улуттар аралык жаңжалды чыгарууга багытталган жазууларды, ошондой эле башка катышуучуларды мазактай турган символдорду алып кирүүгө;
  • күйүүчү, уулуу, жарылуучу, кесүүчү, ок атуучу куралдарды, чоң сумкаларды жана айнек буюмдарды алып кирүүгө;
  • мас абалында стадионго келүүгө, стадиондо арак ичип, тамеки чегүүгө;
  • оюн талаасына жана оюнчуларга кандайдыр бир нерселерди ыргытууга;
  • оюн талаасына чуркап чыгууга, запастагы оюнчулар турган бөлмөлөргө кирүүгө;
  • отургучтардын үстүнө чыгууга, атайын тосмолордон ашып өтүүгө.

 

Күйөрмандардын:

 

  • оюнчуларды сүрөө үчүн желек, моюн орогуч, плакаттарды алып келүүгө;
  • коммерциялык эмес багыттарга колдонуу үчүн сүрөт, видео тартууга;
  • стадиондун ичинен сатылып алынган алкоголсуз суусундуктар, тез татым тамактарын алып кирүүгө укугу бар.

 

Оюн учурунда стадионго жакын жайгашкан бир нече көчөлөр жабылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0