Кыргызстанда аял эркекке караганда орточо эсеп менен 8 жылга узак жашайт

Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда эркек адамдын жашоосунун орточо узактыгы былтыр 66,5 жылды түзгөн.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстанда эркек аялга караганда орточо эсеп менен сегиз жылга азыраак өмүр сүрө турганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык эркек болжол менен болгону 66,5 жыл жашайт. Ал эми аялдын орточо жашоо узактыгы былтыркы жылы 74,5 жашты түзгөн.

Бул беш жыл мурунку статистикага салыштырмалуу беш жашка узак көрсөткүч. Статкомитет бул жагдайды жашоо шарттын жакшырышы жана балдар өлүмүнүн кыскарышы менен түшүндүрүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0