"Азия MIX" командасы Москвадагы жарым финалдык оюндарга даярдык көрүүдө

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүШайырлар жана тапкычтар клубунунун оюну. Архив
Шайырлар жана тапкычтар клубунунун оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын командасы Москвада өтүүчү жарым финалдык оюндарда өзүнүн программасы менен тааныштырат. Даярдыктар Россия армиясынын театрында өтүүдө.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Азия MIX" командасы Шайырлар жана тапкычтар клубунун (КВН) жарым финалдык оюндарына Россия армиясынын театрында даярданууда. Бул тууралуу Sputnik агенттигине команданын администратору жана үн режиссеру Анна Романова билдирди.

Анын айтымында, жарым финалда ойной турчу команданын курамы өзгөргөн жок.

"Азыр даярданып жатабыз. Программабызды Александр Масляковго көрсөтөбүз. Жарым финалдык оюндар 9-октябрда өтөт. Бардыгы жакшы болот деп үмүттөнүп жатабыз", — деди Романова.

Кыргызстандык командага Белгороддон келген "Детективное агентство "Лунный свет"", Астананын "Спарта" командасы, Ярославскинин "Радио Свобода" жана Москванын "Горизонт" командалары атаандаш болот. 

3-октябрдагы биринчи жарым финалдык оюнда Мурманскинин курама командасы жана "Камызякский крайынын курамасы" финалга чыккан.

Июль айында "Азия MIX" Кыргызстандагы командалардын арасынан биринчи болуп "Голосящий КиВиН — 2015" музыкалык фестивалында байгени жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0