Өкмөт башчы "Манас" аэропортуна кетчү жолдун курулушун тездетүүнү талап кылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАсфальт кую иштери. Архив
Асфальт кую иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Планга ылайык, жолдун курулушу үчүн 100 миллион сом которулган. Кийинки жылы пайдаланууга бериле тургандыктан, анын курулуш ишин күчөтүлгөн режимге өткөрүү талабы коюлду.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев "Бишкек — "Манас" аэропорту" жана Ысык-Көлдөгү айланма жолдорун куруу күчөтүлгөн режимге өтүшү керектигин кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, "Бишкек — "Манас" аэропорту" жолу келерки жылы пайдаланууга берилиши тийиш.

"Жолду курууга 100 миллион сом бөлүнгөн. Ишти күчтөндүрүү жана анын сапатын көзөмөлдөө зарыл. Ысык-Көл облусундагы Тамчыдан Корумдуга чейинки айланма жолдун курулушуна да каражат бөлүнгөн. Бул жаатта тендерди өткөрүү ишин тездетүү керек", — деп белгиледи Сариев.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия жолдордун оңдолушу боюнча тургундардын пикирин угууга даяр
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, айланма жолду курууда аны үч тилкеге бөлүп, тендер өткөрүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, министрлик Баткен облусунда жалпы сметалык наркы 452 миллион сомдук 24,5 чакырым келген Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык автожолунун курулушун жыйынтыктоодо.

Курулуш иштерине 17 жол куруучу техникасы тартылган. Жолдун курулушунда эки сел тосуучу жай каралып, анда төрт түтүк орнотулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0