Атамбаев: таза шайлоо туурасындагы кыялым орундалып, түнү менен кирпик какпай чыктым

© Sputnik / Табылды КадырбековАтамбаев не спал всю ночь, потому что сбылась его мечта о чистых выборах
Атамбаев не спал всю ночь, потому что сбылась его мечта о чистых выборах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айтымында, Кыргызстан өнүгүү стратегиясынын маанилүү максаттарынын бирине жетти. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилердин жоктугу сүйүндүрөт, деди өлкө башчы.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү үчүн таза шайлоо өткөрүүнү үйрөнүү зарыл эле. Кыргызстан өнүгүү стратегиясында камтылган таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө жетишти деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев эл аралык байкоочулардын миссия башчылары менен жолугушуу учурунда.

Анын айтымында, өткөн апта абдан оор жана татаал болгону менен, баары жакшы аяктады. 

"Бул түнү мен уктаган жокмун, анткени менин кыялым орундалып жатты. Таза шайлоо — менин жеке жетишкендигим", — деди Атамбаев.

Президент Кыргызстандын бир да жеринде нааразы болгондор катталбаганын, бул шайлоонун таза өткөнүнөн кабар берерин белгиледи.

Жолугушуу учурунда шайлоо өткөрүүгө көмөктөш болгон эл аралык коомчулук менен чет мамлекеттерге ыраазычылык билдирди. Өз сөзүндө ал Япония менен Корея республикасы алты миллион доллардан, ал эми Евросоюз 10 миллион евро бөлүп бергенин кошумчалады.

"Мамлекет бир кадам алдыга аракет жасаганына абдан сыймыктанам. Бул жалпы Борбордук Азия аймагындагы биометриянын негизинде өткөрүлгөн эң таза жана адилет шайлоо болду", — деп баса белгиледи президент.

Атамбаев тажрыйбанын негизинде кийинки шайлоолор мындан да сапаттуу өтөрүнө ишеним артты.

Жаңылыктар түрмөгү
0