Сарпашев: биометриянын башка функциялары ишке киргизилет

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым мамлекеттерде биометрикалык маалымат чогултуу жараяны беш жылдан жети жылга чейин созулганын кошумчалаган атка минер эмки жумадан тарта жеке маалымат кабыл алына баштай турганын билдирди.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Биометрикалык идентификациялоонун шайлоо процессинде колдонулушу биометриянын жалгыз функциясы эмес экенин, эми анын башка бир катар функцияларын ишке киргизүү зарылдыгын биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев шайлоодо иштеген операторлор менен жолугушууда билдирди.

Биринчи вице-премьер аларга иши үчүн ыраазычылык айтып, ийкемдүүлүгүн, дилгирлигин баса белгиледи.

Сарпашевдин сөзүнө караганда, шайлоо күнү биометриянын бир эле функциясы пайдаланылды.

"Алдыда биометрикалык паспортко өтүү, биометрикалык терминалдарды ачуу, биометрикалык маалыматтын негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү сыяктуу функцияларды киргизүү маселеси турат", — деди ал.

Заварзин: Кыргызстан КМШ өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат
Чиновник биометрикалык системаны киргизүү боюнча баскычтуу программалар иштей турганын, алар кыска жана орто мөөнөттүү болорун маалымдады.

Айрым мамлекеттерде биометрикалык маалымат чогултуу жараяны беш жылдан жети жылга чейин созулганын кошумчалаган Сарпашев эмки жумадан тарта жеке маалымат кабыл алына баштай турганын билдирди.

Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 2014-жылдын август айында башталып, 2015-жылдын 19-сентябрына чейин созулду. Жеке маалымат тапшырган жарандардын саны 2 миллион 813 миңге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0