Заварзин: Кыргызстан КМШ өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоонун жүрүшүнө көз салган байкоочулар. Архив
Шайлоонун жүрүшүнө көз салган байкоочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шериктештик уюмуна мүчө мамлекеттердин байкоочулары шайлоого жаштар активдүү катышканын белгилешти.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоо өткөрүү принциптери КМШ мамлекеттери үчүн мыкты үлгү боло турганын байкоочулар миссиясынын өкүлү Виктор Заварзин билдирди.

Жекшемби күнү өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, парламентке 14 партиянын алтоо келет. Шайлоодо 1 миллион 557 миң 442 жаран добуш берген.

Заварзиндин айтымында, добуш бергендердин 50 пайыздан ашыгы жаштар экени кубандырат.

"Демек, мамлекеттин келечеги бар", — деди ал.

КМШ миссиясы шайлоого 14-сентябрдан баштап байкоо жүргүзө баштаган. Буга 173 байкоочу катышып, анын 23ү узак мөөнөт менен иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0