Ош шаарындагы №5915 шайлоо участогунда тунук урна колдонулуп жатат

Жазылуу
Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын саны 133 миң 388 адам, жалпы шайлоо участогу 80, анын жетөө кошумча ачылган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ош шаарында №5915 шайлоо участогунда эсептөөчү урналардын бузулушунан улам, мурдагы пайдаланылып келген тунук үкөктөр колдонуп жатат. Учурда компьютердик түзүлүш алып салынып, добуш берүү эски ыкма менен өтүп, эл добуш берүүдө. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Ош шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов билдирди. 

"Эки саат кеч башталды деген жалган. Алгач, өзү санай турган урна иштеп жатып эле, саат тогуздарга жакын кабыл албай, эки ирет ушундай болуп, анан токтоп калды. Мындай жагдайдан кийин, дароо тунук урналарды койдуруп, азыр кадимкидей добуш берүү жүрүп жатат. Саат 13:00дөгү маалыматтар боюнча 500 адам добуш берди", — деди ал.

Төрага Бишкектен, БШКдан келген техник карап, иштете албагандан кийин, шайлоо токтоп калбашы үчүн айнек урнаны колдонууга туура келгендигин кошумчалады. 

"Ош шаары боюнча бир эле жерде, бир эле участокто ушундай жагдай түзүлдү", — деди Нурдинов.

Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын саны 133 миң 388 адам, жалпы шайлоо участогу 80, анын жетөө кошумча ачылган.

Парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0