Өкмөттүн Баткендеги өкүлү добуш берип жана шайлоо участокторун текшерип чыкты

© Диляра ПарпиеваӨкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Ленин атындагы орто мектебинде добуш берди.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Ленин атындагы орто мектебинде добуш берди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунда жалпы шайлоочулардын саны 223 671, добуш берүү участоктору 198.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Ленин атындагы орто мектепте добуш берип, шайлоо тынч өтүп жаткандыгын белгиледи. Бул туурасында аталган өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашат.

"Жеңиш Разаков №8072 шайлоо участогунда добуш берди. Ал бардык тиешелүү органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жаткандыгын, жана элдин маанайы жарык экендигин белгиледи", — деп айтылат маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Ага ылайык, регион боюнча шайлоо участоктордун саны — 198. Жалпы шайлоочулардын саны 223 671 жаран. 

Маалымат кызматы Разаков Баткен шаарынын жана районунун шайлоо тилкелериндеги добуш берүү мыйзамдуу өтүп жатканын жана түзүлгөн шарттарды текшерип келгенин кошумча кабарлады. 

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0