Нарын облусунда өкмөттүн өкүлү добуш берди жана шайлоо участоктору генераторлор менен камсыздалды

© Айнура Дуйшок кызыХод выборов в Жогорку Кенеш 2015
Ход выборов в Жогорку Кенеш 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарындын райондук борборлорунда жана шаарда техникалык жактан колдоо көрсөтүп туруу үчүн мобилдик алты топ уюштурулган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №4067 шайлоо участогунда добушун берди. Бул туурасында өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. 

"Нарын облусу боюнча 165 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат. 332 аппаратта 641 оператор иш алып барууда. Мындан сырткары, район борборлорунда жана шаарда техникалык жактан колдоо көрсөтүп туруу үчүн мобилдик алты топ уюштурулган", — деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү Айнура Дүйшөк кызы. 

Бишкектеги шайлоо участкасына келген шайлоочу, Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: элдин адилеттүү шайлоого болгон ишеними кайтарылат деп ишенем
Андан сырткары, Ички иштер министрлигинин Нарын облусу боюнча 233 кызматкери, элдик кошуундун 495 мүчөсү коопсуздук жана коомдук тартипти сактоо максатында иш алып барышууда.

Маалымат кызматынан электр кубатынын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу үчүн ар бир шайлоо участогунда 165 электрик дайындалып, кошумча бирден генератор даярдалгандыгын билдиришти.

Айнура Дүйшөк кызы Нарын облусу боюнча шайлоочулардын жалпы саны саны 150 миң 137 адам экендигин кошумчалады. 

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0