Сарпашев: элдин адилеттүү шайлоого болгон ишеними кайтарылат деп ишенем

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги шайлоо участкасына келген шайлоочу, Архив
Бишкектеги шайлоо участкасына келген шайлоочу, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Добуш бергенден кийин биринчи вице-премьер борбор калаанын кошумча шайлоо участкаларындагы шайлоочуларды идентификациялоо жабдыктарын текшерип чыкты.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Учурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо толкундануу жана жоопкерчилик менен добуш бергенин биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев билдирди. 

Чиновник №13 мектепте жайгашкан 1043-шайлоо участкасында добуш берди. 

"Бүгүн Кыргызстанда тагдыр чечер күн болуп турат. Бардык аракетибиз, кыргызстандык программисттердин эмгеги элдин адилеттүү шайлоого болгон ишенимин кайтарууга өбөлгө болоруна ишенем", — деди Сарпашев.

Добуш бергенден кийин биринчи вице-премьер борбор калаанын кошумча шайлоо участкаларындагы шайлоочуларды идентификациялоо жабдыктарын текшерип чыкты.

Жалпы республика боюнча 2374 шайлоо участкасы иштеп жатат.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0