Өкмөт башчысы Бишкектеги Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайына барды

Жазылуу
Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын бүтүрүүчүсү Сариев ѳзүн окуткан агай-эжелер менен баарлашты.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарынын Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайына барып, анын тарбиялануучулары, эмгек жамааты менен жолукту.

Сариев: эки жыл ичинде Бишкек шаарынын көрүнүшү өзгөрөт
Сариев окуу жайдын жамаатын мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, окуу жайдагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, спорттук даярдыкты жана спорттук тарбия берүүнү жакшыртуу боюнча баарлашты. 

Премьер-министр аталган окуу жайдын ѳлкѳ спортунун ѳнүгүшүндѳ маанисин, анын окуу-тарбиялык жана материалдык базасын чындоого кѳңүл бурууну күчѳтүү зарылдыгын белгиледи.

"Бул окуу жайда дүйнѳлүк денгээлде спорттук ийгилик жаратчу жеткинчектер тарбияланышы керек. Ал үчүн бардык шарттарды түзүү менен окуучуларга шык берип, машыктыруу зарыл", – деди Сариев.

Ал окуучуларды спорттук ийгиликтерди жаратууга умтулууга чакырып жана ѳкмѳт спорт жана спорттук билим берүүгѳ кѳңүл бурууну күчѳтɵѳрүн кошумчалады.

Аны менен катар ушул окуу жайды бүтүргөн Сариев ѳзүн окуткан агай-эжелер менен баарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0