"Дордой" массивиндеги №94 мектепке Атамбаев бир миллион сом тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын "Дордой" турак жай массивинде жайгашкан № 94-мектептин ачылыш салтанатында.
Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын Дордой турак жай массивинде жайгашкан № 94-мектептин ачылыш салтанатында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы мугалимдерди кесиптик майрамы менен, ошондой эле окуучуларды жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын Свердлов районундагы "Дордой" конушунда жайгашкан № 94 мектептин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Президент мектептин директоруна башталгыч класстардын окуучулары үчүн окуу китептерин жана жогорку класстар үчүн эки комплект мультимедиялык жабдуу сатып алууга бир миллион сомдук сертификат тапшырды.

"Мугалимдик кесип — абдан ардактуу жана кадырлуу, анткени мугалимдер өз өмүрүн балдарды тарбиялоого, өлкөбүздүн келечегине арнайт", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы учурда мугалимдерди турак-жай менен камсыз кылуу маселеси анын көңүл борборунда экендигин баса белгиледи. 

"Биз тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер жана врачтар үчүн атайын ипотекалык компания түзүүнү пландаштырып жатабыз. Бул максатка кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар жумшоо каралууда”, — деди ал.

Президент ушундай жол менен мугалимдик кесиптин кадырын көтөрүүгө жетишсе болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0