Москва мамлекеттик университетинде студенттерге кыргыз тили окутулууда

© Sputnik / Лев РыжковКыргыз тили сабагынын окуучусу.
Кыргыз тили сабагынын окуучусу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка институтунда окутула баштаган кыргыз тили сабагына Sputnik агенттигинин кабарчысы катышып көрдү.

Сабактар Москва мамлекеттик университетинин Моховая көчөсүндө жайгашкан имаратында өтөт. Жолдун аркы өйүзүндө Манеж аянты, Кремль көрүнөт. Кыргыз тили сабагы Борбор Азия жана Кавказ мамлекеттери кафедрасынын чакан аудиториясында өтүүдө. Сабак башталарына он мүнөттөй калса да, студенттер эрте келип орун алышты. Алар буга чейин бул тилди көп деле угушкан эмес, бирок тилди үйрөнүүгө чечкиндүү далалат кылары көрүнөт.

© Sputnik / Лев РыжковФото — Жеңишгүл Хулхачиева бир эле окутуучу эмес, ал китептин автору. Анын жазган китептери менен сабактар өтүлөт
Фото — Жеңишгүл Хулхачиева бир эле окутуучу эмес, ал китептин автору. Анын жазган китептери менен сабактар өтүлөт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Фото — Жеңишгүл Хулхачиева бир эле окутуучу эмес, ал китептин автору. Анын жазган китептери менен сабактар өтүлөт
© Sputnik / Лев РыжковКыргыз тили сабагы Борбор Азия жана Кавказ мамлекеттери кафедрасынын чакан аудиториясында өтөт
2/3
Кыргыз тили сабагы Борбор Азия жана Кавказ мамлекеттери кафедрасынын чакан аудиториясында өтөт
© Sputnik / Лев РыжковАудиторияда эки бала бар. Алар Илья жана Александр. Ошондой эле, Карина, Полина жана Луиза аттуу кыздар да окушат
3/3
Аудиторияда эки бала бар. Алар Илья жана Александр. Ошондой эле, Карина, Полина жана Луиза аттуу кыздар да окушат
1/3
Фото — Жеңишгүл Хулхачиева бир эле окутуучу эмес, ал китептин автору. Анын жазган китептери менен сабактар өтүлөт
2/3
Кыргыз тили сабагы Борбор Азия жана Кавказ мамлекеттери кафедрасынын чакан аудиториясында өтөт
3/3
Аудиторияда эки бала бар. Алар Илья жана Александр. Ошондой эле, Карина, Полина жана Луиза аттуу кыздар да окушат

Аудиторияда эки бала бар. Алар Илья жана Александр. Ошондой эле, Карина, Полина жана Луиза аттуу кыздар да окушат.

Уикипедиянын кыргыз тилиндеги баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: кыргыз тилин үйрөнүү үчүн муктаждык жаратуубуз зарыл
"Эмне үчүн кыргызчаны үйрөнүп жатасың?" деген суроого биринчи курстун студенти Илья Бобцов 12-августтан тарта Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп киргендиктен кызматташуу күчөрүн, андыктан кыргыз тилин билген адисттерге талап курч болот деп жооп кайтарды.

— Кыргыз тили чынында оор. Негизинен анын агглютинативдик түзүлүшү оор. Грамматикасы да кыйын. Орус тили менен болгон окшоштугу тамгалардын кириллица болгону эле.

Аудиторияга жаш, сулуу мугалим Жеңишгүл Хулхачиева кирди. Аны кыргыз тилинен сабак бер деп институттун директору чакырган. Эми ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттеги жумушун Москванын мамлекеттик университети жана Москва лингвистикалык университети менен айкалыштырууда. Хулхачиева, андан сырткары, Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданият борборун жетектейт.

— Балдар кыргыз тилин чет тил катары үйрөнүп жатышат. Бул абдан маанилүү. Андыктан сабак жумасына 10 саат өтүлөт. Бул группа экинчи чет тил катары түрк тилин окушат. Бул алар үчүн жакшы. Себеби, эки тилдин окшоштуктары бар. Үчүнчүдөн англис тилин үйрөнүшөт.

Жеңишгүл Хулхачиева окутуучу эмес, китептин да автору. Анын жазган китептери менен сабактар өтүлөт.

— Азыр болгону үч жума гана сабак өттүк. Тилди үйрөнүүгө болгон балдардын аракети, кызыгуусу бар. Эми мындан ары алар үчүн жеңил болот. Көп убакыттан бери кыргыз тили Россияда таптакыр окутулган эмес. Акыркы жылдары кыргыз тилин үйрөнүүгө жана аны үйрөтүүгө болгон кызыгуулар көбөйдү. Азыр кыргыз тили бир нече университетте окутулат. Келечекте кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыккандар көбөйөт деп ишенем.

Москвалык студенттер кыргыз адабиятынын классиктеринин чыгармалары менен таанышып, Кыргызстандын тарыхын жана географиясын окушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0