Борбор калаанын төрт районунда муниципалдык жарманке ачылды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖарманке. Архив
Жарманке. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарманке эртең мененки саат 7.00дөн баштап саат 15.00гө чейин иштейт. Жарманкеде айыл-чарба продукцияларын арзан баада сатып алууга болот.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Борбор калаанын төрт районунда муниципалдык жарманке иштеп жатканын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Чүй жана башка облустардын дыйкандары өздөрү өстүргөн азык-түлүктөрдү арзан баада, ортомчуларсыз сатат.

Базардагы эт сатуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш жыл мурун кыргызстандыктар эт, сүт жана нанды көп жешчү
Октябрь районундагы жарманке "Асанбай" кичи районундагы Нуркамал жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Ленин районундагы жарманке "Жал" кичи районунда Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Свердлов районунун тургундары Салиев жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинен айыл чарба продукцияларын сатып алышса болот.

Ал эми Биринчи май районундагы жарманке Фрунзе жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесип өткөн Шопоков көчөсүнүн ортосунда жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0