Өлкөдөгү бардык шайлоо участкаларына жабдуулар жеткирилип, текшерүүдөн өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участкасында Кыргыз Республикасынын желегин илүү. Архив
Шайлоо участкасында Кыргыз Республикасынын желегин илүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайырбек Сарпашев республикалык штабдын жыйынын өткөрүп, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү менен видеобайланыш аркылуу сүйлөштү.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарындагы шайлоо участкаларына тийиштүү жабдуулар жеткирилип, алар текшерүүдөн өтүп даярдалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Жымжырттык күнү: партиялардын шайлоо алдындагы жарышына саресеп салганда
Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев республикалык штабдын жыйынын өткөрүп, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү менен видеобайланыш аркылуу сүйлөштү.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн облустагы өкүлдөрү аймактардагы шайлоо участкалары толук даяр экенин билдиришти.

Бүгүн өлкөдө "жымжырттык күнү". Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күч түзүмдөрүнүн толук курамы күчөтүлгөн тартипте иштешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0