Бишкекте 4-октябрда 368 миң 194 шайлоочу добуш бермекчи

Жазылуу
Шаарда 204 негизги жана 39 кошумча шайлоо участоктору ачылат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте жалпысы болуп Жогорку Кеңешке 368 миң 194 шайлоочу добуш бере алат. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарында 288 миң 999 адамдын шаардагы каттоосу бар. 2014-жылдын 20-октябрынан тарта 2015-жылдын 18-сентябрына чейин борбор калаада 16 жаштан өйдөкү 534 миң 872 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырган. 

Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Шайлоого карата участкалардын даярдыгы кандай?
Биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн Мамлекеттик шаардык каттоо кызматы менен биргеликте шайлоо участокторунда иштөө үчүн 1463 операторлор, ассистенттер жана IT-адистер окутулган.

Добуш берүү процесстерин камсыз кыла турган жабдууларды кайтарууда, ташууда жана 4-октябрда добуш берүү участкаларында коомдук-саясий коопсуздукту сактоо максатында Бишкек ШИИБ менен биргеликте күнү-түнү күзөтүү кызматы уюштурулду. 

Мындан сырткары, шаардын төрт районунда штабдар уюштурулду. Борбор калаада 204 негизги жана 39 кошумча шайлоо участоктору ачылды. 

Жекшемби күнү, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 14 саясий партия катышууга белсенип, бүгүн болсо өлкөдө жымжырттык күнү.

Жаңылыктар түрмөгү
0