Маматалиев: суу-энергетикалык маселелерди чечүүгө Кыргызстан жигердүү катышуусу керек

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүАгын суу. Архив
Агын суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер суу-энергетикалык маселелерди чечүүгө мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып баруусу керек экенин белгиледи.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын ишине жигердүү катышышы керектигин вице-премьер Абдырахман Маматалиев комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди.

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: КР өз кызыкчылыгынан кечип, башка өлкөлөрдү суу менен камсыз кылууда
Иш-чарада комиссиянын буга чейинки 67-жыйынындагы макулдашуулары тууралуу маалымат берилди.

Ага ылайык, Амударья жана Сырдарьянын бассейндери боюнча 2015-жылдын вегетациялык мезгилине карай суу сактагычтардын каскадынын иштөө режими жана чектөөлөрдү пайдалануунун жыйынтыгы берилди.

Мындан тышкары, мамлекеттердин суу кампаларынын лимити бекитилип, кийинки жылга каскаддардын иштөө болжолдуу режими бекитилди.

Вице-премьер Кыргызстан аталган комиссиянын ишине жигердүү катышуусу керектигин, комиссиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар нормаларды кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Комиссия 20 жылдан бери иштеп келе жатат. Анын ишмердүүлүгүн бүгүнкү күндүн талабына ылайыктоо үчүн анализ жүргүзүп, аны реформалоо боюнча сунуш киргизүү керек", — деди Маматалиев.

Жыйын соңу менен вице-премьер кыргыз тарап суу-энергетикалык маселелерди чечүүгө мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып баруусу керек экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0