Жалал-Абаддагы лицей-интернаттын жетекчилигине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Жалган документтердин негизинде медициналык адис катары жумушка орноштурулган жаран 1,5 жыл бою мыйзамсыз айлык акы алып келген.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Аксы районунун Кербен айылында жайгашкан №14 лицей-интернаттын жетекчилиги мамлекеттик каражатты өзүнө ыйгарып алганы аныкталды. 

Акча саноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнө мыйзамсыз айлык акы төлөнүп келген
ИИМдин маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын кызматкерлери расмий документтерге жалган маалыматты киргизүү менен медицина адиси катары бир жаранды штатка киргизип коюшкан.

Аталган адам 2014-жылдын апрель айынан тарта жасалма табелдин негизинде мыйзамсыз айлык акы алып келген. Мындан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү өз максатына пайдалануу" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0