Карылар үйүнүн кызматкери: келмени деле ойлобой, кызын күткөн боюнча көз жумду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүУлгайган аял. Архив
Улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улгайгандар күнүндө баарыбыз карылар жашаган үйгө барып, алар менен сүйлөшүп, эмнеге, кантип келип калдыңыз деп суроо салабыз. Бул сапар аларга кам көргөн Карылар үйүнүн кызматкерин кепке тарттык.

Венера Абыканова эженин Бишкектеги карылар үйүндө иштегенине быйыл 12 жылга аяк басыптыр, учурда чарба айымы экен. Бул жакка чал-кемпирлердин батасын алам деп келип, ошол бойдон туруктуу иштеп калганын, иш оор экенин, бирок бул жерден кете албастыгын айтып берди.

Карылар үйү: катыган нан, небере жытын сагынган кемпирлер
— Бул жакта жумуш оор, кээде жүрөгүң ооруйт. Биз кемпир-абышкалардын балдарынын милдетин аткарабыз — жуунтуп, тазалантып, маал-маалы менен сейилге алып чыгабыз. Колубуздун келишинче өз адамдай мамиле жасайбыз, бирок, канча кылган менен, алардын уул-кыздарын алмаштыра албайбыз да. Алар өз балдарын сагынганы сагынган… Бизге айтпаганы менен, муңайым көздөрү аны көрсөтүп турат. 

Ишке келгенден кийин тез эле көнүп кеткендигин айтып, мунусун биздин маектеш элетте өскөндүгүнөн улам деп түшүндүрдү. 

— Жумушка бат эле көнүп кеттим. Мен негизи чоң ата, чоң энем менен аралашып, айылда чоңойгон кызмын да. Жаңы келгенде ата, апаларды көтөрүп памперсин кийгизүү анча деле оор болгон жок. Тазалыгын карап, кийимдерин, шейшептерин которобуз. Тырмактарын, сакал-муруттарын алабыз. Чач тарачтар айына эки-үч жолу келет. Жуунтуп-тазалантып турабыз, жаткан жерде жыт болбошуна аракет кылабыз. 

Биз менен сүйлөшүп отуруп, Венера эже алигиче эсинен кетпеген бир окуяны эске салып, жардам бере албаганына жаны күйгөнүн айтып берди. 

Кары адамдар жарманкеде. - Sputnik Кыргызстан
Карылардын колунан чыккан буюмдар социалдык көргөзмөдө сатылууда
— … Кыздары бизге жеткирип берген бир апа бар эле. Эмнегедир мага жакындап, ыктап турчу. Ага эч ким деле келчү эмес, анысын арман кылып айтып калчу. Бир күнү эле жаман болуп жатат дешти, кирсем, чын эле абалы болбой калыптыр. Өзү да жашоомдун акыркы мүнөттөрү окшойт деп баш коюп калган экен. Жооткотумуш болдум, бирок ичимден сезип эле турам. Акыры, апа келме келтиргенди билесизби десем, аны уккусу жок да. Көзү жалдырап эле эшиктен өтөт, кызым келсе болот эле, ал каякта дейт улам-улам мага карап… же жардам бере алсамчы. Жаман болдум, зээним кейиди, ыйлагым келди. Баласын бир көрмөйүн, аркы дүйнөгө тынч узай албай жатканына кимди күнөөлөрүмдү да билбедим. Ошентип, эки көзүн эшиктен албаган тейден эне аркы дүйнөгө кете берди….Ушул окуя такыр эле эсимден чыкпайт.

Биздин маектеш сөздүн маанайын өзү жакшыга бурду. Ал карылар үйүндөгү жашоону жандантып, жылуу сезимдерди жаратып, күлкү, шаттык тартуулаганга да аракет кылышарын билдирди.

— Бул жер кызматкерлердин экинчи үйү болуп калган, андыктан, карылардын маанайын көтөргөнгө аракет кылабыз. Майрамдарда башка күндөргө караганда өздөрү да көңүлдөнүп калышат. Андан пайдаланып, маселен, 23-февралда, 8-мартта жакшынакай кийинтип алып сулуулар сынагын өткөрөбүз. "Мисс" жана "Мистер" деп атайбыз, буга жакшы катышып беришет. Кийинип, идеяларын айтып, кошо талкуулашып, божурап сүйлөп калышат. 

Биз менен маектешип отуруп ,эже жаштарга айтарым бар эле, кошуп коёсуңарбы деп суранды.

Карылар күнү Бишкекте белгиленди
— Азыркы жаштардан аябай суранып, ата-энеңерди сыйлагыла, таштабагыла, кам көргүлө деп айтар элем. Аларга кандай мамиле кылсак, кийин балдарыбыз бизге да ошондой мамиле көрсөтөт. Жакшы сөз айтабы же жаман сөзбү, баарын көтөрүш керек. Карылык баарыбыздын башыбызга келет. 

Биздин маек аяктап калганда, кызматкерлердин бири келип шейшептерди алмаштыруу туурасында сурады. Эже бизге жылмайып, майрам алдында абышка-кемпирлерге жапжаңы шейшептерди салып берели деп жаткандарын, бул майрамдык маанайдын кичинекей бөлүкчөсү экендигин айтты. 

А биз аларга дем-күч, ал эми карыларга ден соолук каалап, дарылар үйүнүн короосунан узай жөнөдүк.

Жаңылыктар түрмөгү
0