Түптө ардагерлер үчүн эс алуу борбору ачылды

Жазылуу
Салтанатта карылар күнүнө карата Ысык-Көлдө ачылган "Ак-Бата" эс алуу борбору сыяктуу жайлар Кыргызстандын бардык аймагында болушу керектиги айтылды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Карылардын акылы жана тажрыйбасы жаш муундун таянар тоосу экенин вице-премьер Дамира Ниязалиева ардагерлердин эс алуу борборун ачып жатып билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ак-Бата" эс алуу борбору Ысык-Көлдүн Түп районундагы Талды-Суу айылында 30-сентябрь күнү ачылды.

Салтанаттуу аземге катышкан Ниязалиева карыларды майрамы жана борбордун ачылышы менен куттуктады. 

"Бизге жашоо тартуулап, каада-салтыбызды сактап келген улуу муунду эч качан унутпашыбыз керек. Кыргыз эли эзелтеден карыларын урматтап, барктап келген. Биз алардын акылын, тажрыйбасын пайдаланышыбыз керек", — деди вице-премьер.

Жыйында мындай борборлор Кыргызстандын башка аймактарында да ачылышы керектиги белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0