Жапалакка жаратылыш газы келди

© пресс-служба мэрии города ОшГаз счетчиги. Архив
Газ счетчиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызгазпром" үч жыл ичинде Ош шаарынын кичирайондорун көгүлтүр от менен толук камсыз кылмакчы.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын бир катар көчөлөрүндөгү үйлөр жаратылыш газ түтүгүнө туташтырылды. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, бир ай ичинде аймактын жашоочулары көгүлтүр от менен толук камсыз болот. 

"Совет доорунан бери бул аймак жаратылыш газына жетпей келген. Бүгүн биз Бөкөнбаев, Сасыкбаев, Тоголок Молдо жана Токтогул көчөлөрүнө газ түтүктөрүн тарттык. Анын жыйынтыгында, 125 беш үй көгүлтүр отту колдоно баштады. Магистралдын жалпы узундугу төрт чакырымды түзөт", — деди Кадырбаев. 

Элдин жаратылыш газы менен камсыз болушуна Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) негизги демөөрчү болуп 8,2 млн. берип, ал эми 2,5 млн. сомду жергиликтүү бюджет чыгарган. 

Кадырбаев "Кыргызгазпром" менен болгон макулдашунуунун негизинде, үч жыл ичинде Ош шаарынын кичирайондору көгүлтүр отту  толук пайдаланып каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0