Шайлоодон улам шаар күнүн Ош кеч белгилей турган болду

Жазылуу
Түштүк борбордун күнүн быйыл өзгөчө өткөрүү максатында адистердин кеңеши менен атайын сценарийлер иштелип жатат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоого байланыштуу, 5-октябрь Ош шаарынын күнүн белгилөө 29-октябрга жылдырылды. Бул туурасында калаанын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

"Мындай жарлыкка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду. Шаар күнүн өткөрүү боюнча бүгүнкү күндө мэрия тарабынан бардык даярдыктар жүрүп жатат", — деп билдирди маалымат кызматы.

Алардын маалыматында шаар күнүн быйыл өзгөчө өткөрүү максатында адистердин кеңеши менен атайын сценарий иштелүүдө. 

Бул күнү жаңы курулган бир катар социалдык объектилердин ачылышы болорун алар кошумча кабарлашты.

2015-жылы Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолордун жүрүшү туурасында Sputnik маалымат агенттигинин атайын долбоорунан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0