Сарпашев: алдыдагы парламенттик шайлоо дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда турат

Жазылуу
Биринчи вице-премьер жергиликтүү бийлик башчыларына төрт күндүн аралыгында шайлоо участкаларын дагы бир сыйра текшерип, добуш берүү үчүн жагымдуу маанай түзүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоо эр аралык коомчулуктун көңүл чордонунда экенин биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: ушу кезге чейин биометриядан өтпөгөн жаран өлкө келечегине кайдыгер
Жыйын жүрүшүндө биринчи вице-премьер өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн маалыматын угуп, 30-сентябрдан тарта шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуулар аймактарга жеткириле турганын маалымдады.

Сарпашев жергиликтүү бийлик башчыларына төрт күндүн аралыгында шайлоо участкаларын дагы бир сыйра текшерип, добуш берүү үчүн жагымдуу маанай түзүүнү тапшырды. 

"Дүйнөлүк коомчулук биздин парламенттик шайлоого болуп көрбөгөндөй кызыгуу жаратууда. Түштүк Америка, Африка, Азия – Тынч океан аймагы, Европа жана Түндүк Америка мамлекеттери Кыргызстанга 600дөн ашуун байкоочу жиберип жатат. Бардык өлкөлөрдү шайлоодо колдонула турган жаңы технологиялар кызыктырууда. Андыктан, шайлоонун жогорку деңгээлде өтүшү үчүн ар бирибиз жан үрөшүбүз керек", — деди чиновник.

Жыйын жүрүшүндө БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов добуш берүүдө бюллетендерди сүрөткө, видеого тартууга тыюу салынганы тууралуу жашоочуларга жеткирүү зарылдыгы белгиледи.

"Шайлоочу кабинада бюллетень жана ошол жерге бекитилген маркер менен калышы абзел", — деди төрага.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

2015-жылы Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолордун жүрүшү туурасында Sputnik маалымат агенттигинин атайын долбоорунан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0