Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Радиожыштыктар үч компанияга 900 млн. сомго ижарага берилди

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүУюлдук оператордун антеннасы. Архив
Уюлдук оператордун антеннасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баштапкы баасы 238 миллион 803 миң сомду түзгөн радиожыштыктарды сатып алууга аталган ишканалардан тышкары "Кыргызтелеком" компаниясы да катышкан.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өткөргөн ачык аукциондо "Нур Телеком", "Скай Мобайл" жана "Альфа Телеком" компаниялары радиожыштыктырды 10 жылга пайдалануу боюнча келишим түзүү укугун жеңип алышты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирет.

Маалыматка ылайык, аукцион бүгүн, 28-сентябрда үч лот боюнча өткөрүлдү. Баштапкы баасы 238 миллион 803 миң сомду түзгөн радиожыштыктарды сатып алууга аталган ишканалардан тышкары "Кыргызтелеком" компаниясы да катышкан.

Фонд ар бир лот 298 миллион 803 миң сомго сатылганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0