Ташиев: мени каралоого аракет жасашты, бирок мен аларга теңелген жокмун

© Sputnik / Эркин Алымбеков"Республика — Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Камчыбек Ташиев.
Республика — Ата-Журт партиясынан депутаттыкка талапкер Камчыбек Ташиев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камчыбек Ташиев Абдыбахаповдун "кылмыштуу" жашоосу тууралуу айтып берди. Талапкердин айтымында, ал буга чейин милиция кызматкери болуп иштеп, Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренеси боюнча соттолгон.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Камчыбек Ташиев эч кимди урбаганын, "ура турган болсо, анын муштумунан эч ким соо калбай" турганын маалымат жыйында билдирди.

Буга чейин маалымат каражаттарында бейшемби күнү аталган партиянын тең төрагасы Ташиев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, натыйжада Ташиевдин атаандашына кол көтөргөнү тууралуу жазылган. Талапкерлердин мушташы Жалал-Абаддын Сузак районунда болуп, учурда жабырлануучу ооруканада дарыланууда.

"Абдыбахапов мени мушташууга мажбурлоо үчүн аябай аракет кылды. Бирок мен ага аралашпадым. Эч жери сынбай-этпей эле жүрөт. Муну медициналык текшерүү да тастыктады", — деди Ташиев.

Ошону менен бирге ал Абдыбахаповдун 20 миң доллар тууралуу айтканы боюнча да түшүндүрмө берди.

"Мен анын чөнтөгүнөн 20 миң доллар алып алган имишмин. Баамымда, ал мени каралап, шантаж кылуу үчүн бул окуяны алдын ала ойлонуп жасаган. Мен муну шайлоо алдында мага каршы жасалган аракет деп кабыл алам. Балким, бул кадам менен ал өзүнүн рейтингин жогорулатууну көздөп жаткандыр", — деди талапкер.

Ташиев Абдыбахаповго кол көтөрсө, ал соккудан турбай, денесинин бир жери, жок дегенде, көгөрмөк деп эсептейт.

Мындан тышкары, маалымат жыйында Абдыбахаповдун "кылмыштуу" жашоосу тууралуу айтып, милиция кызматкери болуп иштеп жүргөндө Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренеси боюнча соттолгонун айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0