"Достук" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан айылдар көчүрүлөт

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маматалиев ЕАЭБдин талабына ылайык, мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарынын шартын жакшыртуу максатында жасалып жаткан аракеттер бүгүнкү күндүн негизги милдети экенин жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда белгиледи.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан тургундар тез аранын ичинде башка жакка көчүрүү керектигин вице-премьер Абдырахман Маматалиев аталган жайды текшерүү учурунда билдирди.

Чек ара зонасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маматалиев: быйыл чек ара жаңжалы былтыркыга караганда төрт эсеге азайды
Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин талаптарынын негизинде өткөрүү пунктун модернизациялоо жана техникалык жактан жабдуу максатында жер тилкесин кеңейтүү маселеси каралды.

Маматалиев Кара-Суу районунун "Достук" пунктуна жакын жайгашкан "Жаңы-Турмуш" айылындагы "Катта-Терек" тилкесинин жашоочулары менен жолугуп, аталган пункттун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча түшүндүрүп берди.

Ага ылайык, вице-премьер жергиликтүү тургундарды башка жактан жер тилкелерин берүү, бардык тийиштүү шарттарды түзүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды. 

"Өткөрүү пункттарындагы тейлөөнү барган сайын жакшыртуу, чек арадан өткөн адамдар үчүн бардык ыңгайлуулуктарды түзүп берүү — негизги милдет. Бул "Достук" пунктун бүгүнкү күндүн талабына ылайыктоо болуп саналат. Өз кезегинде ал инфраструктураны кеңейтүүгө, логистиканы жакшыртууга өбөлгө түзөт", — деди вице-премьер.

"Достук" өткөрүү пунктунун шарттарын жакшыртуу максатында өкмөттүн буйругу менен мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны вице-премьер Маматалиев жетектейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0