Бүгүн ажылыктан кайткандардын алгачкы тобу Ошко келип конот

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHМеккага келген хадж мусулмандары. Архив
Меккага келген хадж мусулмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу Сауд Аравиясынан үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында кайтып келет.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ажылык сапарга аттангандардын алгачкы тобу бүгүн Жидда — Ош аба каттамы менен түштүк борборго келип конот. Бул туурасында Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik маалымат сайтына кабарлады.

Сауд Аравиядан Равшан Эратов: тепсендиде калгандардын арасында кыргызстандыктар жок
Сауд Аравиясына ажылыкка аттанган биринчи топ 28-августта жөнөп кеткен. Топ исламдын беш парзынын бири болгон ажылык милдетин аткарам деген 200 зыяратчыдан жана аларды коштогон төрт ажы башчыдан турат.

Быйыл Меккеге баруу үчүн Сауд Аравиясы 3685 квота берип, кийинчирээк дагы бир нече жүз адамга көбөйткөн. Ажылык сапардын баасы 2,5 миң доллар болду. 

Ажылардын акыркылары 15-октябрында кайтып келишет.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0