Ош шаарында адамдарга жүрөктү кантип сактоону үйрөтүшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОперационная лампа. Архивное фото
Операционная лампа. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максат — коомчулукка жүрөк оорусу эмнеден пайда болорун түшүндүрүү жана алдын ала текшерүүдөн өтүп турууга чакыруу.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде шейшембиде Жүрөк күнү белгиленет. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Колдор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы энелердин абалы ортодон төмөн деп бааланды
Иш-чарага мэриянын, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, шаардык жана облустук медициналык мекемелердин өкүлдөрү, медициналык окуу жайлардын билим алуучулары катышат.

29-сентябрь — Жүрөк күнү элге сергек жашоо образы, текшерүүдөн алдын ала өтүү туурасында айтып беришет жана каалоочуларды кардиолог дарыгерлер текшерип, кан басымын ченеп, бекер кеп-кеңеш беришет. 

Иш-чаранын негизги максаты – коомчулукка жүрөк оорусу жөнүндө жана бул жагдай боюнча дүйнөдөгү абалды айтып берүү, илдеттин эмнеден пайда болорун түшүндүрүү жана алдын ала текшерүүдөн өтүп турууга чакыруу. 

Бул күнү акциянын уюштуруучулары акцияга катышкандар арасында ар кыл оюндарды уюштурат жана эстрада ырчылары элге концерт беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0