Шайлоого 300 эл аралык байкоочу көз салат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүШайло участкасынын кызматкерлери. Архив
Шайло участкасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыска жана узак мөөнөттүү негизде байкоочуларды аккредитациялоо уланып жатат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоого кыска жана узак мөөнөттүү негизде көз сала турган 300дөн ашуун эл аралык байкоочу БШКнын каттоосунан өткөнүн комиссиянын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

Шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында сүйлөп жатып, Абдраимов байкоочуларды аккредитациялоо уланып жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө ПАСЕ, КМШ, Индонезия, Малайзия жана башка мамлекеттерден байкоочулар келе турганы белгилүү болду", — деди ал.

2015-жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоодо 14 саясий партия ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0