Сариев: президент шайлоонун жыйынтыгын кайра-кайра текшерүүнү тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Атамбаев жана премьер министр Темир Сариев. Архив
Президент Атамбаев жана премьер министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы шайлоо күнү мыйзам бузуулар катталса, аны кайра өткөрүүнү талап кылды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттөн таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүнү, керек болсо, дагы бир ирет өткөрүүнү талап кылганын премьер-министр Темир Сариев республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы штабга добуш берүү процедурасын өткөрүү боюнча кеңири укук берди.

"Ал мага, эгер зарыл болсо шайлоо жыйынтыгынын протоколдорун 10 жолу текшерип, санап чыгууну тапшырды. Муктаждык жаралса, мыйзам бузуу катталган участкаларда кайрадан шайлоо өткөрөбүз", — деди Сариев.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоо күнү республика боюнча 2338 жана айрым чет мамлекеттерде 36 шайлоо участкалары иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0