Сариев: бюллетенди сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүк болбойт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБюллетень текшерүүчү аппарат. Архив
Бюллетень текшерүүчү аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык шайлоо участкалары сүрөткө тартуу же башка маалыматты чыгарып алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектөөчү кабиналар менен жабдылат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо добуш берүү участкаларындагы кабиналар ачык болуп, бюллетендерди сүрөткө же видеого тартуу аракетине бөгөт коюлат деп премьер-министр Темир Сариев шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоо күнү республика боюнча 2338 жана айрым чет мамлекеттерде 36 шайлоо участкалары иштейт. 

Сариевдин айтымында, БШК добуш берүүчү кабиналар бюллетендердеги маалыматты сүрөткө же видеого тартып алууга жол бербеши керектиги тууралуу токтом кабыл алган.

"Шайлоочулар өз добушун сатпашы керек. Жарыштын айрым абийирсиз катышуучулары добуш берүү процессин көзөмөлдөй албайт. Бюллетенде шайлоочунун аты-жөнү жазылбайт. Заманбап технология шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол бербейт", — деди премьер-министр.

Өкмөт башчысы бул маалымат ар бир шайлоочуга жетиши керектигин белгиледи. Шайлоого 2 миллион 700 миңден ашуун адамдын добуш берүүсү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0