Афганчы-жоокерлер Ардагерлер кеңешинин 25 жылдык мааракесин белгилөөдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАфганчы-жоокерлерге арналган эстелик. Архив
Афганчы-жоокерлерге арналган эстелик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанаттуу мааракеге КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлери чакырылган. Мындан тышкары, филармониянын сахнасында майрамдык иш-чаралардын алкагында интернационалист жоокерлерден турган "Көк береттер" тобу өз өнөрүн тартуулайт.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда афганчы ардагерлердин республикалык кеңешинин 25 жылдык мааракеси өтүп жатканын аталган уюм билдирди.

Республикалык кеңеш Кыргыз ССРинин өкмөтү тарабынан 1990-жылдын 26-сентябрында түзүлгөн.

Сариев: Үркүндү эскерүү менен урпактык милдетти аткарышыбыз зарыл
Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Молдовадан келген коноктор менен кеңештин мүчөлөрү Ата-Түрк паркындагы Афган согушунда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюшат. Андан кийин филармонияда салтанаттуу иш-чара өтөт.

Кыргызстандыктарды КМШ интернационалист жоокерлердин иши боюнча комитеттин төрагасы Александр Ковалев куттуктайт.

Салтанаттуу мааракенин алкагында интернационалист жоокерлерден турган "Көк береттер" тобу жана кыргыз эстрадасынын жылдыздары өз өнөрүн тартуулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0