Салтанаттуу мааракеге КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлери чакырылган. Мындан тышкары, филармониянын сахнасында майрамдык иш-чаралардын алкагында интернационалист жоокерлерден турган "Көк береттер" тобу өз өнөрүн тартуулайт.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда афганчы ардагерлердин республикалык кеңешинин 25 жылдык мааракеси өтүп жатканын аталган уюм билдирди.
Республикалык кеңеш Кыргыз ССРинин өкмөтү тарабынан 1990-жылдын 26-сентябрында түзүлгөн.
Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Молдовадан келген коноктор менен кеңештин мүчөлөрү Ата-Түрк паркындагы Афган согушунда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюшат. Андан кийин филармонияда салтанаттуу иш-чара өтөт.
Кыргызстандыктарды КМШ интернационалист жоокерлердин иши боюнча комитеттин төрагасы Александр Ковалев куттуктайт.
Салтанаттуу мааракенин алкагында интернационалист жоокерлерден турган "Көк береттер" тобу жана кыргыз эстрадасынын жылдыздары өз өнөрүн тартуулайт.
2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алары белгиленди.