Сокулук районунун медицина мекемелерине жаңы жабдык орнотулат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүМедицина жабдуулары. Архив
Медицина жабдуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ниязалиева ички маселелерди жетекчилик өз күчү менен чечүүгө аракет кылышы керектигин, Сокулук районунун үй-бүлөлүк медицина борбору жана аймактык ооруканасы буга жакшы мисал болорун белгиледи.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Сокулук районунун үй-бүлөлүк медицина борборуна жаңы медициналык жабдуу орнотулары вице-премьер Дамира Ниязалиева аталган мекеменин иши менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Өкмөт гемодиализге муктаж адамдар үчүн кошумча 2 млн. сом бөлөт
Өкмөттүн маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Ниязалиева Сокулук районунун үй-бүлөлүк медицина борборуна жана аймактык ооруканага барып, эмгек жамаат, ошондой эле дарыланып жаткан бейтаптар менен баарлашты.

Үй-бүлөлүк медицина борбору 170 миң адамга эсептелген, бирок ички миграциядан улам калктын саны күн санап өсүүдө. Ушуга байланыштуу борбордун жетекчилиги кадрлардын жетишсиздигин жана инфраструктуранын эскилиги  негизги көйгөй деп атады.

Ниязалиева өткөн жылы аталган мекемелерге келгенде жылуулук системасынын маселеси көтөрүлгөнүн айтып, быйыл ички каражаттын эсебинен жаңы казан орнотулганын жакшы саамалык катары белгиледи.

"Үнөмдөлгөн төрт миллион сомго медициналык жабдуу сатып алуу үчүн тендер жарыяланыптыр. Бул өз күчү менен көйгөйлөрдү оңунан чечүү үчүн башка жетекчилерге жакшы мисал болот", — деди вице-премьер.

Мындан тышкары, жолугушуу учурунда бир катар маселелер айтылып, алардын чечилиши тийиштүү жактарга тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0