Улуттук банк: насыя карызын кайтарууда нарындыктар алдыга чыкты

© Фото / пресс-служба НБКР Улуттук банк. Архив
Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы банк өнөр жайга жана ипотекага берилген кредиттердин кайтарымы жакшы болуп,ал эми соодага берилген насыяны кайтаруу оорчулук жаратып жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Насыя карызын кайтаруусу 99,6 пайызды түзгөн мыкты көрсөткүч Нарын облусунда катталды, ал эми Бишкек шаары начар пайызды көрсөтүп, тизменин артында калды деп кабарлайт Улуттук банк.

Башкы каржы мекеме үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башына карата коммерциялык банктардын насыя портфели 91,1 миллиард сомду түзгөнүн, "жоготуу" катары саналган кредиттердин үлүшү 1,4 миллиард сомду же 1,6 пайызды түзгөнүн белгилейт.

"Насыя кайтаруунун коэффиценти сентябрь айына карата 98,4 пайызды түздү", — деп айтылат билдирүүдө.

Насыяларды кайтаруу коэффиценти Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында жогору болуп, 99,2 пайызга жеткен.

Улуттук банк өнөр жай жана ипотекага берилген кредиттердин кайтарымы жакшы болуп, ал эми соодага берилген насыяны кайтаруу оорчулук жаратып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0