Ош шаарындагы айт намазга 15 миңден ашуун адам катышты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАйт намаз учурунда. Архив
Айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айт намаздын алдында элди шаар башчысы куттуктап, жакшылыктарды каалады.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында Курман айт намазы окулуп, ага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган атка минерлер, диний уюмдардын өкүлдөрү, шаар жашоочулары келди.

Президент Атамбаев Арашанда айт намазга катышты
Аянтта эртең менен башталган намазга 15 миңден ашуун мусулмандар катышты. 

Намаздын алдында Кадырбаев элди майрамы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө береке, токчулук, өлкөгө тынчтык каалады.

24-сентябрь Курман айт майрамына арналган намаз Бишкек шаарында да окулуп, аянтка он миңдеген кишилер, өкмөттүн өкүлдөрү да катышты.

Бул күнү Кудайга багыштап мал союлуп, көзү өткөнөдөргө куран окулат. Өлкөдө Курман айт майрам болгондуктан, расмий түрдө эл ишке чыкпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0