Президент Атамбаев Арашанда айт намазга катышты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Арашан айылынын мечитинде Курман айтка карата майрамдык айт намазга катышты. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев Арашан айылынын мечитинде Курман айтка карата майрамдык айт намазга катышты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айт намаздан соң президент "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-сентябрда өлкөнүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде Курман айтка карата майрамдык айт намазга катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, айт намаздан соң президент "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерди.

Бүгүн бардык мусулмандар үчүн ыйык деп саналган Курман айт майрамдалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0