Бишкектеги кароосуз калган 192 бала атайы борбордо жашайт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБалдар үйү. Архив
Балдар үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кароосуз калган төрт жашка чейинки наристелер борборго балдарды коргоо органынын кайрылуусунун негизинде Саламаттык сактоо мекемеси тарабынан жайгаштырылат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын аймагында кароосуз жана көзөмөлсүз калган балдар үчүн эки борбор жана бир балдар үйү бар экенин шаардык мэрия билдирди.

Муниципалитеттин социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда аталган жайларда 192 бала жашап жатат.

"Интернаттарга балдар соттун чечими менен жөнөтүлөт. Ал эми психологиялык, медицина-педагогикалык комиссиянын жыйынтыгы менен балдар бул жерлерде алты айга убактылуу жашайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Кароосуз калган төрт жашка чейинки наристелер борборго балдарды коргоо органынын кайрылуусунун негизинде Саламаттык сактоо мекемеси тарабынан жайгаштырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0