Сариева: көз карандысыз аккредитация билим берүүнүн сапатын арттырат

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Эльвира Сариева. Архив
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлөрү жыйындын жүрүшүндө программаларды аккредитациядан өткөрүүнү жөнгө салуучу документтер менен таанышып, керектүү укук-ченемдик иш кагаздарын талкуулашты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Көз карандысыз аккредитация ЖОЖдогу билим берүүнүн сапатын арттыра турганын билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Улуттук аккредитациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңештин негизги милдети аккредитациялык агенттиктерге билим берүү мекемелерин аккредитациялоо жана бекитилген талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө укугун берүү болуп саналат.

Кеңештин курамына тийиштүү мамлекеттик органдардын, ЖКнын тийиштүү комитеттеринин жана кесиптик уюмдардын өкүлдөрү кирди.

"Улуттук кеңештин түзүлүшү жана тийиштүү документтердин кабыл алынышы билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган ири өзгөрүүлөрдүн башаты болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Кеңештин мүчөлөрү жыйындын жүрүшүндө программаларды аккредитациядан өткөрүүнү жөнгө салуучу документтер менен таанышып, керектүү укук-ченемдик иш кагаздарын талкуулашты. Мындан тышкары, Кеңештин жакын арада жүргүзө турган иштеринин багыты аныкталып, катчылыгы аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0