Сариев: ооруканаларды салуу үчүн 1 млрд. сом бөлүнөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТемир Сариев медициналык мекемелерди кыдыруу учурунда.
Темир Сариев медициналык мекемелерди кыдыруу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы медициналык мекемелерди инвентаризациялоо канча мекеме ремонтко, канчасы реконструкциялоого муктаж экенин аныктай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Республикадагы ооруканаларды оңдоо жана жаңыларын салуу үчүн бюджеттен 1 миллиард сом карала турганын премьер-министр Темир Сариев медициналык мекемелерди кыдыруу учурунда билдирди.

Батыралиев: медициналык кызматтын баасы жогорулайт
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы алгач ремонттон өткөн Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордун иши менен таанышып, андан соң Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн операциялык кабылдаманы жана башка бөлүмдөрдүн ремонт иштерин көрүп чыкты.

Премьер-министр медицина жаатында жылыштар бар экенин, бирок дагы умтула турган бийиктиктер бар экенин белгиледи.

"Ар бир медициналык мекеме инвентаризациядан өтүшү зарыл. Бул кайсы мекеме оңдоого муктаж, кайсынысын толук реконструкциялоо керектигин, кайсы жабдуулар жетишсиз экенин аныктоого жардам берет. Буга өкмөт тарабынан 600 миллион сом бөлүнгөн, сумманы 1 миллиард сомго жеткирүүгө аракеттер жүрүп жатат. Демек, республикада жаңы медицина мекемелери салынып, ооруканалар заманбап жабдуу менен камсыз болот", — деди Сариев.

Жыйын жүрүшүндө айлык акы, кадр жетишсиздиги талкууга алынып, алгач жасала турган иш катары өкмөт башчы медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана каржылоо маселесин атады.

"Бул чогулуштун жыйынтыгы менен аталган сунуштарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлөт", — деди премьер-министр.

Мындан тышкары, Сариев медициналык тейлөөнүн акысын аныктап макулдашууну Монополияга каршы мамлекеттик теске салуу агенттиги менен Саламаттык сактоо министрлигине тапшырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0