ИИМ өспүрүмдөрдүн массалык чогулган жерлерин текшерет

Жазылуу
Учурда өспүрүмдөр арасында массалык мушташтын көбөйгөнү байкалууда. Анын себебин аныктап, балдар тарабынан жасалган кылмыштардын жана өспүрүмдөрдү кылмышка тартуунун алдын алуу боюнча аракеттерди көрүш керек, деди ички иштер министринин орун басары.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлиги өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн алардын массалык чогулуусуна күбө болгон тургундарды милицияга кабарлап коюуга чакырат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жыйында билдирди.

Бишкек ШИИБ жана Чүй ОИИБнын өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлору катышкан иш-чарада анык бир аймактагы көйгөйлөр талкууланды.

"Учурда өспүрүмдөр арасында массалык мушташтын көбөйгөнү байкалууда. Биз анын себебин аныктап, балдар тарабынан жасалган кылмыштардын жана өспүрүмдөрдү кылмышка тартуунун алдын алуу боюнча аракеттерди көрүшүбүз керек", — деди Орозалиев.

Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулардын мушташынан улам мектептерде тартип көзөмөлү күчөтүлдү
Жыйында балдарга карата жасалган зомбулук, тарбия маселелери, бул жаатта тийиштүү органдардын бирдиктүү аракети, мас болуу жана наркоманиянын алдын алууга басым жасалды.

Министрдин орун басары балдарга байланышкан кылмыш иштеринин алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чаралар зарыл экенин белгилеп, тийиштүү орган, мекемеден тышкары коомдук көзөмөлдү күчөтүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0