Бишкекте 300 чакырым газ түтүктөрү орнотулат

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекКызматкерлер труба сваркалап жатышат.
Кызматкерлер труба сваркалап жатышат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакын арада шаардын 22 жаңы конушунун газ менен камсыздалышы өкмөт башчынын тапшырмасынын негизинде ишке ашты. Мэриянын жумушчу комиссиясы Энергетика министрлиги менен биргеликте конуштарга газ киргизүүнү этап менен жүргүздү.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бир нече күндүн аралыгында Бишкектин 22 жаңы конушуна газ киргизилип, 300 чакырым газ түтүктөрү орнотулат. Бул тууралуу мэр Кубанычбек Кулматов "Керемет" жана "Касым" жаңы конуштарындагы газопроводдорун ачуу салтанатында билдирди.

Анын айтымында, газификациялоо — бул керектөөчүлөрдүн газга болгон муктаждыгын камсыз кылган ири социалдык долбоор.

"Газ ташуучу, газды жер алдында сактоо жана бөлүштүрүүчү жабдууларды масштабдуу оңдоо жана жаңылоо иштери пландаштырылууда. "Керемет" конушунун 250 жана "Касым" конушунун 190 үйү көгүлтүр от менен камсыз болот", — деди мэр.

Буга чейин мэрия жаңы конуштарды газ менен камсыз кылуу боюнча жумушчу топ түзгөн. Орточо басымдагы магистралдык газопроводдордун жанында жайгашкан 22 жаңы конуш аныкталган.

Биринчи этапта тогуз жаңы конуш тандалып алынып, Энергентика министрлиги газ менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди иштеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0