Бишкектин кары-картаңдары акысыз концерт көрө алышат

© Sputnik / Табылды КадырбековМузыканттар концерт учурунда. Архив
Музыканттар концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концертте дүйнөлүк опера, балет классикасы, кыргыз жана орус композиторлорунун чыгармалары жаңырат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын кары адамдары үчүн 30-сентябрда акысыз концерт болорун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Болот Миңжылкыев атындагы эл аралык опера фестивалы экинчи ирет көшөгөсүн ачат
Концерт саат 15.00дө башталып, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Анда дүйнөлүк опера, балет классикасы, белгилүү романстар жана кыргыз, орус композиторлорунун чыгармалары тартууланат. 

Концертке опера солисттери Ирина Рыбина, Медияана Байитова, Светлана Гусарова, Гүлнур Ниязбаева, Салима Маматова, Үмүт Тилегенова жана балет солисттери Марат Сыдыков, Елена Овчинникова, Мадина Миңжылкыева, Зарина Мухаметшина катышат.

Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0