Мыйзамсыз көмүр казууга жол берген жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОбогатительная фабрика "Каскад" ОАО "Кузбасская топливная компания"
Обогатительная фабрика Каскад ОАО Кузбасская топливная компания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана көмүр казууга эч бир уруксат документи жок туруп, үч айдан бери 500 тоннадан ашуун кара отун казып келген. Бул тийиштүү мамлекеттик органдардын көз жаздымында калган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош облусунун Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция башкармалыгынын жетекчилери жеке ишканага мыйзамсыз көмүр казууга жол берген факты аныкталганын УКМК билдирди.

Кара-Кечеде көмүр казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диль: Кара-Кече кенин казууда экологиялык коопсуздук башкы маселе болушу керек
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын июль айынан тарта "Узкирком" ишканасы тийиштүү уруксат берүүчү документи жок туруп, Өзгөн районунун "Караке" аймагында 546 тонна көмүр казып келген.

Адистердин чыгарган бүтүмү боюнча ишкананын бул аракетинен жана буга жол берген аймактык инспекциянын жетекчилеринин шалаакылыгынан өлкө казынасына 1 миллион 449 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Ош облусунун Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын башкармалык жетекчилерине карата кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0