ТИМ: Алматыдагы кыргызстандык мигранттар шайлоого катышууга дилгир

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлмата шаарынан көрүнүш. Архив
Алмата шаарынан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрына чейин аталган дипмекеменин кызматкерлери жеке маалымат чогултуп, шайлоочулардын тизмесине кирүү боюнча арыздарын кабыл алышты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында иштеп, жашап жаткан кыргызстандык жарандардын алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышууга дилгирлиги байкалып жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Сарпашев: айрым шайлоо участкалары чатырларда жайгашат
Маалыматка ылайык, мигранттардын өтүнүчү менен Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери 15-16-сентябрь күндөрү биометрикалык маалымат чогултуу үчүн көчмө иш-чараларды өткөрүштү.

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрына чейин аталган дипмекеменин кызматкерлери жеке маалымат чогултуп, шайлоочулардын тизмесине кирүү боюнча арыздарын кабыл алышты.

Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 2014-жылдын август айында башталып, 2015-жылдын 19-сентябрына чейин созулду. Жеке маалымат тапшырган жарандардын саны 2 миллион 813 миңге жетти. Алардын 2 миллион 670 миң 480и алдыда боло турган парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодон кийин жеке маалымат тапшыруу жараяны кайрадан уланат.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалардын даректерин Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0